Бүгүн, 10-октябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда Жогорку Кеңештин оппозициялык "Ата Мекен" фракциясынан депутат Аида Саляновага карата өкүм чыгары күтүлүүдө. Сот Кубанычбек Касымбеков өкүм чыгаруу үчүн кеңешме бөлмөсүнө чыгып кетип, сот залына кайтып келе элек.
Адвокаттын айтымында, бүгүнкү отурумда жарыш сөз уланмак, бирок сот Касымбеков аны токтотуп, Аида Саляновага акыркы сөз сүйлөөгө мүмкүнчүлүк бербей койгон.
Учурда сотко президенттик аппараттын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаев, Салянованын коомдук жактоочусу Рабига Сыдыкова, акыйкатчы Кубат Оторбаев жана журналисттер келишти. Милиция сүйлөшүүлөрдөн кийин гана Оторбаев менен Сыдыкованы сот залына киргизишти. Калгандарын киргизбей жатат.
Айта кетсек, 2016-жылдын декабрь айында Саляновага "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталууда. Прокурор соттон Салянованы 8 жылга эркинен ажыратып мүлкүн конфискациялоону суранган.