Аида Салянова: "Соттун өкүмү кандай гана болбосун, мен үчүн күтүүсүз болбойт"

Бүгүн, 10-октябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда Жогорку Кеңештин оппозициялык "Ата Мекен" фракциясынан депутат Аида Саляновага карата өкүм чыгары күтүлүүдө. Сот Кубанычбек Касымбеков өкүм чыгаруу үчүн кеңешме бөлмөсүнө чыгып кетип, сот залына кайтып келе элек.

Адвокаттын айтымында, бүгүнкү отурумда жарыш сөз уланмак, бирок сот Касымбеков аны токтотуп, Аида Саляновага акыркы сөз сүйлөөгө мүмкүнчүлүк бербей койгон.

Башында милиция сот залына журналисттерди киргизбей жаткан. Акыйкатчы Кубат Оторбаев милиция кызматкерлери менен сүйлөшкөндөн кийин гана журналисттерди киргизишти.

Аида Салянова билдиргендей, ал үчүн соттун өкүмү кандай гана болбосун, күтүүсүз болбойт. "Бүгүн менин акыркы сөзүм дагы угулган жок. Сот өкүм чыгарганга шашып жатат. Өкүм кандай экенин билип турам. Өкүм даяр. Мыйзам бузуулар менен өткөн соттук отурумдар өкүм заказ экенин далилдейт. Күнөөлөгөн өкүм чыкса, муну тарых өз ордуна коёт. Журналисттерге соттук отурумдарды калыс чагылдырганы үчүн ыраазычылык билдирем", - деди Салянова.

Айта кетсек, 2016-жылдын декабрь айында Саляновага "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталууда.

Прокурор соттон Салянованы 8 жылга эркинен ажыратып мүлкүн конфискациялоону суранган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
zhykyo
2017-10-10 12:35:09
Буюрса чыгасыз мен ишенем акталып чыгарынызга
+4
rysik79
2017-10-10 12:38:19
Окумго тике караныз Аида айым. Акталып калыныз..
+4
Anikin83
2017-10-10 12:43:01
Урматтуу сот жана прокурорлор,мыйзамды тебелеп саясий заказдарды аткарганынар учун жооп берчу кун да келет унутпагыла!
+3
daniel87
2017-10-10 12:51:26
Атамбаевдин саясаты ото ыплас ото жийркеничтуу экенин дагы бир жолу тастыктап жатат!Атамбеавдин Жана Жээнбековдун командасына Ак уйдо Жана Жогорку кенешта места жооок!!!
+7
kechirmeni
2017-10-10 14:06:17
Кудайдын кудурети менен эгер кайрадан ген прокурор болуп калса прокурор сотторду чайнабай жутат го чиркин!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан