Казакстандык ырчы Кайрат Нуртас биринчи жолу жубайын эл алдына алып чыкты

Кечээ, 9-октябрда Казакстандын белгилүү жылдызы Кайрат Нуртас баш каарман катары тартылган "Тилек... Периштелер уктап жатканда" тасмасы тар чөйрөдө көрсөтүлдү. Ага ырчы алгачкы ирет жубайы Жылдыз Абдукаримованын коштоосунда келип, журналисттердин көңүл чордонунда болгонун казак басылмалары жазып чыгышты.

Маалым болгондой, Абдукаримова биринчи жолу эл алдына чыккандыктан ага кабарчылар тарабынан түрдүү суроолор берилген. Алардын ичинен эң актуалдуусу "Нуртастын 10 жылдан бери сени коомчулуктан жашырып жүргөнүн кандай кабыл алчусуң?" - деген суроо болгон.

"Чынын айтсам, ушул суроону жактырбайм. Бирок жооп берейин. Ар бир адамдын өзүнүн жеке жашоосу, жеке ааламы, көз карашы болот. Аны бирөө менен бөлүшүүгө милдеттүү эмес. Мен Кайратка турмушка чыкканда "ырчы болом же элге көрүнөм" деп тийген эмесмин. Менин негизги максатым анын үй-бүлөсүнө татыктуу келин болуп, урпагын улоо эле. Кудай ошол тилегимди орундатты", - деген ал.

Ошондой эле ал жогоруда аталган фильмде жолдошу менен бирге роль жаратканын, бирок тасманын Кайрат Нуртастын жашоосуна эч кандай тиешеси жок экенин айткан.

Эске салсак, Кайрат Нуртас жакында эле телеканалдардын бирине берген маеги учурунда үйлөнгөнүнө 10 жыл болгонун айткан.

Кайрат Нуртас жубайы менен
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Xanisha
2017-10-10 15:05:53
Кыйратыптыр
-8
datkayimjan
2017-10-10 15:08:46
Аябай сулуу аялы бар экен го
+6
gulmira12345
2017-10-10 15:47:44
каап дагы 10 жыл койо турганда келини экоону элге чогу корсотчу экен
+5
pixduel1
2017-10-10 15:55:35
Туура эле кылат! Элдин козуно чыга берсе ар кандай соз ээрчийт,турмушу бузулат.Туура эле кылат куйоосу бир жакшына багып жатса ,балдары бар болсо эмне жетпейт? Туурабы)))Аялы молодец кызганбай,колдогонуна!
+18
anelya_kaparova
2017-10-10 16:19:47
Жулдыз өтө сабырдуу келин экен! Биздикилердин төбөсү бир аз көккө көрүнө түшсө эле, аялдары дагы жылдыз боло калышат ко. Айрыкча, Тамашоу балдарынын аялдары бир өзүнчө жылдыздар го чиркин)))
+55
Tyty1990
2017-10-10 17:10:17
Теке
0
upol92
2017-10-10 17:23:04
Окшош экен озуно
+3
kelemdedin
2017-10-10 17:34:59
Улгу алгыла кыргыздын жылдыздары! Канчалык сырдуу болсонор ошончолук сыйлуу болосунар.
+14
Nargiza1987k
2017-10-10 17:52:06
Азамат Кайратка татыктуу аял экен
+13
erkeleim
2017-10-10 21:38:35
Биздикилер тийгенине эки кун болбой жылдыз болушат кошо интервью беришип азаматсын Жылдыз аял заты сендей болуу керек тиеринде кимге тийгенин ойлонуп туну мн келбейт аял ырчылар мн гастролдойт деп тийип алган сон ажырашпай
+4
aselushka
2017-10-11 00:33:46
Биздикилер Кайратка окшоп атактуу боло электе эле кыздарга коз арта башташатда, ошон учун аялдары ээрчип алат типа жыздыз болушуп, аялы аябай сулуу, сабырдуу экен
+3
bom.bon
2017-10-11 04:01:18
Биринчи суротто,Аяна Касымовага окшотуп жибердим
0
jon.as
2017-10-11 04:46:24
Жаш болушсада мыкты улгу болчу тугойлор экен. Ошондо Кайрат 17 жашында уйлонгон болуп калабы...? Азамат экен жаш болсода уй булоосун сактап 10 жыл жашап, шоу бизнестеда ордун таап популярный болуп ийгилик жаратып журот. .....биздин артистерге салыштырмалуу. Биздикилердин 25-30 жашында уйлонуп алышып деле акылдары жок, 2-3 ай жашап ажырашып анан актанып Супер инфого чуркап келип интервью берегалышат жарыя кылып оздорун пиярлап
+3
jypara1415
2017-10-11 07:43:08
Апасы кыйын адам экен . Кайраттын шоу-бизнесте оз ордун таап , уй-булосу бекем жашап келе жатканына апасынын салымы зор . Азаматсынар!
Бактылуу болгула .
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан