Кыргыз балбандары ардагерлер арасындагы Дүйнө чемпиондугунун жарым финалына өттү

Болгариянын Пловдив шаарында 10-15-октябрь аралыгында өтө турган күрөш боюнча ардагерлер арасындагы Дүйнө чемпиондугунда Кыргыз балбандар жарым финалга өтүштү.

Бүгүн, 10-октябрда грек-рим күрөш боюнча "Е" категориясындагы ардагерлер арасында беттештер орун алууда. Кыргыз өлкөсүнөн аталган мелдеште Айсабек Полатбеков жана Бердикул Караев катышууда.

Айсабек Полатбеков 62 килограммга чейинки салмак ченинде катышып, чейрек финалдык баскычта күрөшүп баштаган. Ал алгачкы беттеште венгриялык Жозеф Кезди менен туш келип 5:3 эсебинде жеңишке жеткен. Бул жеңиш менен Айсабек Полатбеков жарым финалга өтүп, эми италиялык Массимо Точи менен беттешет.

Бердикул Караев 88 килограммга чейинки салмак ченинде күрөш жүргүзүп, жарым чейрек финалда сербиялык Марко Саранскининин үстүнөн жеңишке жеткен. Чейрек финалда Кыргыз балбаны италиялык Стефано Павияга туш келип 2:0 эсебинде жеңип алган. Муну менен Бердикул Караев жарым чейрек финалга өтүп Түштүк Африка Республикасынын балбаны менен тирешет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kechirmeni
2017-10-10 15:34:37
Ой азаматтар, ылайым эн алдынкы орундарды багындыргыла
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан