10-октябрга караган түнү саат 3:00 чамасында президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун Бишкектеги үйүнүн короосуна жашыруун кирген адам кармалды. SUPER.KG'ге бүгүн Бабановдун штабынан кабарлашкандай, ал Казакстандын 26 жаштагы Антон Шитов аттуу жараны болуп чыкты.
"Антон Шитовдун Бабановдун үйүнүн короосунда жүргөнүн талапкердин күзөтчүлөрү көрүп калып кармап алышкан. Анын жанынан паспорту табылып, ал буга чейин Бажы кызматынын башчысынын орун басары Раим Матраимовдун үйүндө иштеп жүргөнү белгилүү болду. Кармалгандан кийин милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди", - деп билдиришти штабдан.
Кармалган адам Бабановдун үйүнө эмне максатта киргени азырынча белгисиз.