Айсабек Полатбеков күрөш боюнча ардагерлер арасындагы Дүйнө чемпиондугунда финалга өтүп, алтын медаль үчүн күрөшөт

Болгариянын Пловдив шаарында 10-15-октябрь аралыгында өтө турган күрөш боюнча ардагерлер арасындагы Дүйнө чемпиондугунда Кыргыз балбаны Айсабек Полатбеков финалга өттү.

Бүгүн, 10-октябрда грек-рим күрөшү боюнча "Е" категориясындагы ардагерлер арасында беттештер орун алууда. Кыргыз өлкөсүнөн аталган мелдеште Айсабек Полатбеков жана Бердикул Караев катышууда.

Айсабек Полатбеков 62 килограммга чейинки салмак ченинде катышып, чейрек финалдык баскычта күрөшүп баштаган. Ал алгачкы беттеште венгриялык Жозеф Кезди менен туш келип 5:3 эсебинде жеңишке жеткен. Айсабек Полатбеков жарым финалда италиялык Массимо Точи менен беттешип 2:1 эсебинде жеңип финалга аттанган. Эми финалда Кыргыз балбаны АКШлык Кларенс Нельсон менен тирешип, алтын медаль үчүн күч сынашат .

Бердикул Караев 88 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшүп, жарым чейрек финалда сербиялык Марко Саранскининин үстүнөн жеңишке жеткен. Чейрек финалда Кыргыз балбаны италиялык Стефано Павияга туш келип 2:0 эсебинде жеңип алган. Бердикул Караев жарым финалга өтүп Түштүк Африка Республикасынын балбанына жеңилип калган. Бул жыйынтык менен Кыргыз балбаны коло медаль үчүн орусиялык Владимир Безверхий менен күч сынашат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан