ЖЫЛНААМА, 10-ОКТЯБРЬ: Гу Чжун Пёнун сүйүктүүсү, корей ырчысы жана актрисасы Сюзи 23 жашка чыкты


“Бийик кыялдан”, “Гу үй-бүлөсүнүн китеби”, “Акылга баш ийбеген ашыктык” сериалдары жана “Архитектураны таануу” тасмасына тартылган Сюзини корей дорамаларын сүйүүчүлөр өтө жакшы көрүшөт. Адегенде ырчы жана модель катары эл оозуна алынып, акыркы учурда актрисалыкты өздөштүрүп келе жаткан атактуу өзүнөн кем калышпаган корей жылдызы Ли Мин Хонун сүйүктүүсү.

1994-жылы туулган Сюзи эс тарткандан ырчы болууну кыялданчу. 2009-жылы Түштүк Кореядагы таланттарды элге алып чыгуучу шоу берүүлөрдүн бирине катышып, анда “JYP Entertainment” компаниясынын көңүлүн буруп калган. Көп өтпөй аталган компания менен иштешүүгө келишим түзгөн каарманыбыз 2010-жылы 10-октябрда туулган күнүндө “miss A” кыздар тобунун мүчөсү катары биринчи жолу сахнага чыккан. Бир жылдан кийин тасмадагы дебютун жасап, “Архитектураны таануу” деген фильмде роль жаратат. Аталган мелодрама жанрында тартылган тасманы 2 айдын ичинде 5 миллиондой адам көрүп, Түштүк Кореяда жаңы кассалык рекорд катталган.

Сюзи менен Ли Мин Хо папараццичилерге бир эле жолу кармалып калышкан


Адатта Түштүк Кореяда кайсы бир бойдок жылдыз жарнамалык келишимге кол коёрдо айныгыс бир шартка макул болууга аргасыз. Кокусунан ал бойдок жылдыздын башка бирөө менен мамилеси бар экендиги элге билинип калса, анда олчойгон айып пул төлөшү керек болот. Сюзи Түштүк Кореяда жарнамадан түшкөн кирешеси боюнча эң көп тапкан экинчи атактуу айым болуп саналат. Анын 30дан ашуун бренддер менен келишими бар. Ли Мин Хо деле кем калышпайт, ал Кытайда жана башка өлкөлөрдө да жарнамадан көп акча тапкан жылдыз. Экөөнүн чөнтөгүнө жарнаманын эсебинен миллиондогон доллар түшүп турат. Баары “эми эмне болот?” деп күтүп жатышкан. Жыйынтыгында бул кыз-жигит менен иштешкен компаниялар келишимин эмне үчүн бузбагандыгын минтип түшүндүрүшкөн: “Алар өтө эле атактуу жана орду алмаштырылгыс жылдыздар”. Ушул убакка чейин экөө бир жолу эле журналисттерге кармалып калышкан, анда экөө бардан чыгып келе жатышкан болчу.

Каарманыбыздын күйөрмандары менен хейтерлери да жетиштүү санда. Анын Твиттердеги баракчасында 2 миллиондон ашуун окурманы бар. Дегеле мындай сандагы окурманга Сюзи корей атактууларынын ичинен биринчи болуп жеткен. Эми мына ошол социалдык тармакта хейтерлердин бири ырчы кыздын өлүмүн тилеген постторду тынбай жаза берген. “Мен сени жек көрөм, автокырсыкта өлүп калсаң экен” деген жазууга Сюзи “эгер мен өлсөм, сен ыраазы болосуңбу?” деген суроо калтырган.


Сюзи хейтерлердин айынан көп стресс болот жана андайда дарыяга барып аны бойлой чуркайт жана кыйкырат. “Бир жолу досум менен тамашалашып-каткырып отуруп эле ыйлап жибердим. Депрессиядан улам кээде таңга жетпей өлүп калгым келчү. 20 жашка чыгарым менен айдоочунун күбөлүгүн алдым. Кыйналып чыкканымда машинага отуруп алып, айдап жөнөйм. Убакыт тартыш болсо, районумду 1-2 жолу айланып, анан келем”, - деген ал.

10-октябрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
aiba-889290
2017-10-10 23:28:57
Корей дорамаларын болуп жазылып калыптыр.Тез арада ондоп коюш керек.
0
al-abu-kinesz
2017-10-11 00:06:34
aiba-889290, туура эле жазылган.

-1
Jyrgal_msk
2017-10-11 03:27:18
al-abu-kinesz,Дорама эмес,драма болуп жазылат.
-1
Maika
2017-10-11 11:14:25
aiba-889290, ДОРАМА - бул азиялыктардын, б.а. япон, корей, тайвань ж.б. телесериалдары.
-1
Bek_abad
2017-10-11 01:46:41
Аттары эле бир укмушкоо)) аларды таанып алганынарды...
-1
Kubinis
2017-10-11 03:48:51
драма эмес, дорама болуп жазылат туура эле
0
Эльвира Караева
2017-10-11 11:10:32
aiba-889290, Jyrgal_msk, дорама - бул телесериал дегенди эле түшүндүрөт. Драма эмес.
0
AKCAHAT
2017-10-11 17:32:15
Кыргызчасын жазсам жеткиликтуу болбой калат экен "не на вижу" корейлердин сериалдарын, эркек ургаачысы одно и тоже лицо баары. Пластик беттер
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан