Айсабек Полатбеков күрөш боюнча ардагерлер арасындагы Дүйнө чемпиондугунда күмүш медалга татыды

Болгариянын Пловдив шаарында 10-15-октябрь аралыгында өтүп жаткан күрөш боюнча ардагерлер арасындагы Дүйнө чемпиондугунда Кыргыз балбаны Айсабек Полатбеков финалда жеңилүү ызасын тартып, бирок күмүш медалына ээ болду.

Айсабек Полатбеков 62 килограммга чейинки салмак ченинде катышып, финалда АКШлык Кларенс Нельсон менен күч сынашкан. Беттештин жыйынтыгында Кыргыз балбаны 2:0 эсебинде жеңилип калып, Дүйнө чемпиондугунун күмүш медалынын ээси болду.

Эскерте кетсек, Айсабек Полатбеков буга чейин чейрек финалдык беттеште венгриялык Жозеф Кезди менен туш келип 5:3 эсебинде жеңишке жеткен. Жарым финалда италиялык Массимо Точи менен беттешип 2:1 эсебинде жеңип финалга чыккан.
Кошумчалай кетсек, аталган мелдеште Кыргыз өлкөсүнөн 10 балбан катышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан