Бишкекте бүгүн, 11-октябрда Чүй-Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу окуянын күбөсү кабарлады.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Чүй-Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде эртең мененки саат 7:00дөр чамасында катталып, мында 38-каттамдагы автобус менен Hоnda CR-V үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн. Жеңил унаа Исанов көчөсү менен түштүктү көздөй бара жатып Чүй көчөсүнө катуу ылдамдыкта чыккан. Натыйжада автобус менен сүзүшкөн.
Күбөлөрдүн айтымында, кырсыкка кабылган жеңил унаа каза болуп калган бейтапты үйүнөн шашылыш ооруканага алып бара жаткан. Ал кырсыктан эмес, өз оорусунан эле каза болгон болушу мүмкүн. Автокырсык орун алган соң, жардамга келген адамдар жеңил унаанын ичиндеги адамдын денесин кырсыктан куткаруу үчүн жерге алып түшүшкөн.
Окуя болгон жерге "Тез жардам" кызматы чакырылган. Учурда Патрулдук милиция кызматкерлери абалды көзөмөлдөп, кырсыктын себептерин аныктоо иштерин жүргүзүүдө.