Ысык-Көлдө сабалып, көчөдө жатып калган аял каза болду. Кылмышка шектүү катары бир тууган ага-инилер кармалды

Кылмышка шектүү бир тууган ага-инилер.Ысык-Көл районунун Бостери айылында 27 жаштагы аял сабалып, каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 11-октябрда Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-октябрь күнү эртең менен Бостери айылында сабалып, көчөдө эс-учун билбей жаткан аялды жергиликтүү тургундар көрүшүп, "Тез жардам" кызматын чакырышкан. Ооруканага жеткирилген аял өзүнө келбей жандандыруу бөлүмүнөн көз жумган.

"Каза болгон аял Ак-Суу районунун Теплоключенка айылынын 27 жаштагы Э.С. аттуу тургуну экендиги аныкталды. Бул факты боюнча Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери иликтөө иштерин жүргүзүшкөн. Натыйжада шектүү катары Бостери айылынын тургундары, бир туугандар 31 жаштагы Ж.А. жана 32 жаштагы Ж.Б. аттуу тургундар кармалышкан", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Кылмыш иши козголуп, шектүүлөр райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Xanisha
2017-10-11 09:53:14
Кудай алдында жооп бересинер. Аял кишини сабаган эркек эркек эмес эркекгул.
+9
Pandora
2017-10-11 11:30:42
Алсыз эркектин кучу алсыз аялдарга гана жетет эмеспи алар эч качан эркек кишиге тен келе албайт.Ушунчалыка жеткирген ал аялдан эмне керек болду эле?!
+1
ma2as
2017-10-11 11:47:24
10-октябрь күнү эртең менен Бостери айылынын тургундары сабалып, көчөдө эс-учун билбей жаткан аялды көрүшүп- Бостери айылынын тургундарын кимдер сабаптыр ?
-5
tuku
2017-10-11 12:28:45
Аа куурагандар бироо ээмс экоолоп сабап иттер
+2
Lu4ano
2017-10-11 13:05:34
силер так маалыматты билбей еле тилдей бересинерби ким эмне болгону эми билинет мумкун тааныбаган еле адамдар сабап кеткендир чындыкты билип туруп жазгыла
-2
jon.as
2017-10-12 10:06:41
Lu4ano, Тилдебегенде молодец деп кол чабалыбы...Сен эмне деп жазып жатасын адам олуп жатат сен ошону тушунуп жатасынбы..? Таанышбы тааныш эмесби бироонун омурун кыйганга кандай акысы бар...? Кичине ойлонуп жазсан
0
Uhtishka.
2017-10-11 17:48:36
Жыркычтарго ,бир тууганын да олтуруп алгыча сабайбы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан