Орусиялык ырчы, алып баруучу Ольга Бузова социалдык тармактардын эң активдүү колдонуучусу деп табылды

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өткөн социалдык тармактардын жылдыздарын аныктоо сынагында орусиялык алып баруучу, ырчы, модель Ольга Бузова Инстаграмдын ханышасы деп табылды. Бул тууралуу Орусиянын маалымат каражаттары жазып чыкты.

Анда жазылгандай, Орусияда социалдык тармактардагы эң белгилүү жана активдүү адамдарды аныктоо сынагы алгачкы жолу өттү. Добуш берүүнүн жана атайын калыстар тобунун чечими менен Ольга Бузова "Шоу-бизнес" номинациясында Инстаграмдын ханышасы деп табылган. Бирок ырчы сыйлык тапшыруу аземине келген эмес.

Ырчынын Инстаграмдагы өздүк баракчасында 10 миллиондон ашык адам катталган, ырчы жүктөгөн видеолорду жана сүрөттөрдү миллиондогон адамдар көрүп өз баасын беришет. Мындан сырткары ал киргизген ар бир сүрөт жана видео дайыма көптөгөн комментарий жана пародиялар менен коштолот.

Белгилей кетсек, "IT Boy" номинациясында сыйлыкты видеоблоггер, ырчы Рома Желудь алса, "Үй-бүлө" номинациясын актриса Анна Хилькевич жеңген. Жалпысынан 19 номинация боюнча сыйлыктар тапшырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
admin_superstan
2017-10-11 12:33:20
Isco22, коомдук этиканы сактаңыз. 2 күнгө БАН!
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан