Чолпон-Ата-Балыкчы унаа жолунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 11-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата-Балыкчы унаа жолунун 45-чакырымында жол кырсыгы катталган. Окуя болгон жерге куткаруучулар барып, куткаруу иштерин жүргүзүшкөн. Кырсык 10-октябрь күнү саат 16:57лер чамасында болгон.
"Ауди 80 үлгүсүндөгү унаа менен УАЗ сүзүшкөн. Натыйжада эки унаа тең оодарылып калган. Унаалардын ичиндеги адамдар жаракат алышкан эмес. Куткаруучулар унаанын жабылып калган эшигин ачып, жүргүнчүлөрдү чыгарышкан", - деп билдирди басма сөз кызматы.