Ысык-Көлдө милициянын майору бир адамды сабап, анын 55 жаштагы аялын зордуктады деген шек менен кармалды

Ысык-Көлдө милициянын майору 55 жаштагы аялды зордуктап күйөөсүн сабаган деген шек менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-октябрда Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылынын 58 жаштагы тургуну Б.К. аттуу жаран Жети-Өгүз РИИБинин майору С.Д. аялын зордуктап, өзүн сабагандыгын айтып арыз менен кайрылган.

Маалыматка ылайык, арыз ээси 9-октябрдан 10-октябрга караган түнү үйүнө келип, анын үйүндө ижарага жашап турган милиция кызматкери С.Д. мас абалында аялына күч колдонуп зордуктап жатканына күбө болот. Аялына болушууга аракет кылганда ортодо мушташ чыгып 40 жаштагы милиция кызматкери аны сабап салган.

Ошондой эле Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан учурда аталган милиция кызматкери убактылуу кармоочу жайда кармалып турганын, иши иликтенип жатканын билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
voennyi88
2017-10-11 12:35:34
Милициянер болсо,анда тигил куноолу болуп чыгат да акыры.
-4
Kattaldym
2017-10-11 12:47:00
voennyi88,милиция кызматкерине кол которду деп озун деле камап салышы мумкун даже..
-2
Kattaldym
2017-10-11 12:45:34
Убагында менин милициям мени коргойт дечу элек, эми менин милициям мени кордойт деген заман болду го
+11
SHERBOLAT
2017-10-11 13:05:56
Акыркы жылдары такыр безпредел болуп кетти. Закон такыр иштебей калды
+8
Дарыгер
2017-10-11 13:26:46
ХХХХ да анык. Бирок жазаланбай калышы мүмкүн. Карга карганын көзүн чукубайт го. Клара Алибекованын мисалында көрсөк болот
+8
Tekecher
2017-10-11 13:28:49
Аялы озу эле повод берсе керек, анан куйоосунун келгенин байкап калып зордуктап жатат деп коюшу мумкун
-7
kechirmeni
2017-10-11 14:09:53
Tekecher, Бир нерсе деш кыйын тууганым, бирок жакшы кумон кылган дурусураак, пайгамбарыбыз (САВ)жакшы кумон кылгыла деп осуят калтырган
+3
Tekecher
2017-10-12 00:58:30
kechirmeni,кенешинизге рахмат, мен билгенден зордуктады деген маалыматтын 90% и подстава
-1
admin_superstan
2017-10-11 16:04:56
Xanisha, этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү!
-3
jon.as
2017-10-12 10:12:03
Акыркы убакта милициялардын кылган кылыктары ашаа чаап барататго.....бир чара коруш керек. Жазасын алсын. Бизде баягы эле карапайым Эл куноолу болуп калат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан