Орусиянын Челябинск облусунда жол кырсыгынан 8 адам жаракат алды. Бул тууралуу бүгүн, 11-октябрда орусиялык басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Хонда үлгүсүндөгү унаа жолдун каршы тилкесине чыгып кеткен. Натыйжада жүк ташуучу унаа менен бетме-бет сүзүшкөн. Жаракат алгандар ооруканага жеткирилген. Учурда Орусиянын жол коопсуздугун көзөмөлдөө инспекторлору кырсыктын себептерин териштирүү иштерин жүргүзүүдө. Окуя 10-октябрда болгон.
Хонда унаасында Кыргыз жарандары болгон, алар мекенине кетип бараткан. Кырсыктын болжолдуу себеби Хонданын айдоочусу уктап кеткен деп айтылат маалыматта.