Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун Казыбек айылында 5-класстын окуучусу муунуп каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 11-октябрда Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Окуя 8-октябрда кечки саат 5:30дар чамасында болгон, окуучу кыз мончого кирип жоолугуна асынып алган. Ал ата-энеси менен эле турчу экен, үйүндө беш бир туугандын арасында жалгыз кыз болгон. Бизге бул тууралуу маалымат 9-октябрда келип түштү. Милиция кызматкерлери жерине барып иликтөө иштерин жүргүзүштү. Денесинде атайын келтирилген жаракаттардын изи болгон эмес. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти ОИИБинин басма сөз кызматынан.