ЖЫЛНААМА, 11-ОКТЯБРЬ: "Уулум туулган күнүмдө төрөлүп мага белек болгон" дейт 44 жашын белгилеп жаткан режиссёр Ырысбек Жабиров

Кыргыз шоу-бизнесинин өкүлдөрүнүн катары жаш ырчылар менен толукталып, жаңыдан өнүгүп келе жаткан кезде бир катар жаш таланттарды алгачкылардан болуп тасмага тартып жетишкен продюсер, режиссёр Ырысбек Жабиров бүгүн, 11-октябрда 44 жашка толду.

Ырысбек Жабировду туулган күнү менен куттуктап байланышканыбызда өздүк майрамын дайыма үй-бүлөсүнүн курчоосунда белгилей турганын айтты.

"Бул күнү бизде кош майрам. Кичүү уулум Ийгилик да ушул күнү мага белек болуп жарык дүйнөгө келген. Иш күн болгондуктан күндүзү адаттагыдай иште, ал эми кечкисин үй-бүлөм менен чогуу белгилейбиз", - дейт ал.

Режиссёр, продюсер Ырысбек Жабиров Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районундагы Октябрь айылында туулган. Мектепти 1990-жылы аяктаган соң Орусиянын Красноярск шаарындагы Сибирь техникалык институтунан билим алган. Кийин Жалал-Абад техникалык институтун аяктаган.

Ырысбек Жабиров режиссёр катары “Кайып булак”, "Достор", "Талак", "Мезгил дарылайт", "Түндүктүк келин" тасмаларын тарткан.
11-октябрга карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан