Алмамбет Шыкмаматовдун сотунда күбөлөр суралды

Бүгүн, 11-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун иши боюнча соттук отурум өткөрүлдү.

Отурумдун жүрүшүндө күбө Шайбек Айдаров суралды.

"Мен Алмамбет Шыкмаматовду буга чейин көргөн эмесмин, сүйлөшкөн да эмесмин. Соттолуучу Жусуп Иманалиевди да билбейм", - деп билдирди Айдаров.

Ал эми дагы бир күбө Исрафил Муратов: "Биз унааны сатканда эч ким менен келишим түзгөн эмеспиз. Базарда турсак жаш бала сатып алууга келген. Биз ага унааны 17 миң долларга сунуштап, 14 миң долларга сатканбыз", - деп билдирди ал.

Эске салсак, УКМК Шыкмаматов жеке кызыкчылыгын көздөп, аялынын Мерседес Бенц Е320 үлгүсүндөгү унаасын кымбат баага сатуу үчүн "Барат Люкс" ишканасын тендерге катышкандардын катарына кошууну демилгелеген деп айып койгон. Ал эми Шыкмаматов муну "саясий кысым" деп айтып келет.

Соттук отурум 13-октябрга жылдырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан