Сот Райкан Төлөгөновдун жана адвокаттын өтүнүчтөрүн четке кагып жатат

Бүгүн, 11-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынан мурдагы депутат Райкан Төлөгөновдун иши каралууда.

Отурумдун жүрүшүндө сот күбөлөр суралып бүткөнүн айтып, Төлөгөновдун өзүн суракка алуу керектигин айткан. Ага нааразы болгон жактоочу Төлөгөновдун ишине тикелей тиешеси бар бардык адамдар суралбай калганын, ага байланыштуу баарын суроо керектигин же ишти кыскартуу керектигин айткан.

Сот кеңешме бөлмөсүнө кирип чыгып аталган өтүнүчтү четке какты.

Төлөгөнов ишке тиешеси бар делген күбөлөрдү суракка алууга каршы чыккан прокурордун кесипкөй экенинен шектенип жатканын айтып, ага ишенбөөчүлүк көрсөттү. Сот бул маселени кароо үчүн кеңешме бөлмөсүнө кирип чыгып Төлөгөновдун прокурорду алмаштыруу өтүнүчүн канааттандырган жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан