Бишкек-Торугарт унаа жолунда жол кырсыгы катталып, 1 адам каза болду

Бишкек-Торугарт унаа жолунда жол кырсыгы катталып, 1 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 11-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Торугарт унаа жолунун 375-чакырымында Мерседес-Бенц жүк ташуучу унаа жолдон чыгып, оодарылып кеткен.

Окуя болгон жерге куткаруучулар барып, каза болгон айдоочуну унаадан чыгарышкан. Кырсыкка кабылган адам Нарын шаарынын 1985-жылы туулган М.У. аттуу тургуну болгон. Айдоочунун жансыз денеси "Тез жардам" кызматына өткөрүлүп берилген. Окуя бүгүн, саат 12:26лар чамасында орун алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Xanisha
2017-10-11 16:44:40
Авария азайбай эле кобоюп ататко. Улуу урматтуу машинасы бар кыргыз калкым, ылдамдыкты азайтпасанар мындайдай корунуш кайталана берет кундо. Арканардан ажал кууп келе аткандай айдайсынарда, кайда шашып атасынар, же эмне ажалынарды кууп жетели деп атасынарбы? Бир ойлонсонор кеч болуп кала электе айланайындар. Бара жаткан жеринерге тынч жетип алган жакшыда. Же жетчу жеринерге жетпей, больницага Кудайым сактасын бирок больницадан ары моргко кеткенинер жакшыбы эмне?
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан