Орусиялык рэп ырчысы Мот - толук аты-жөнү Матвей Мельников жакында ата болот. Жергиликтүү маалымат булактары жарыялагандай, ырчынын кечээ, 11-октябрда жарык көргөн клибине өзүнүн жубайы тартылган. Анда жубайынын кош бойлуу экенин көрүүгө болот. Мот клиптеги көрүнүш жашоосу менен дал келе тургандыгын билдирген.
Рэп ырчысы ушул жылдын апрель айында сүйүктүүсү Марияга баш кошкон. Үйлөнүү той өткөндөн кийин ырчынын күйөрмандары жана журналисттер Мария "кош бойлуумун" деген кабарды качан айтат деп күтүп жатышкан.
Мот өзүнүн социалдык баракчасына жүктөгөн "Когда исчезнет слово" аттуу ырына тартылган клипти жүктөгөн. Интернет колдонуучулары клип аркылуу Моттун жакшы жаңылыгынан кабардар болушкан.
Ырчынын күйөрмандары бул жаңылыкка кубанып, каалоо, куттуктоолорду жазып жаткан чагы.