Швецияда өтүп жаткан "Open Eurasian Book Forum & Literature Festival" эл аралык адабият сынагында Кыргыздын 5 жазуучусу шорт-листке кирди. Бул тууралуу "Кыргыздын жаңы адабияты" сайтында жарыяланды.
Маалыматта жазылгандай, бул жылы сынакка 38 өлкөдөн 1200 жазуучу чыгармалары менен катышкан.
Кыргыз мамлекетинен алдынкы катарга чыккан жазуучулар: Темирбек Жолдобаев, Владимир Лидский (Михайлов), Зинакан Пасанова, Султан Раев жана Айгүл Рыскулбекова.
"Дүйнөлүк адабияттын заманбап тенденциясына ылайык, OEBF-2017 коммерциялык көз караш менен алып караганда ийгиликтүү чыгармаларды аныктоону максат кылган. Бул сынактын финалына кирбей калган жазуучулардын таланты төмөн дегенди билдирбейт. Болгону бул жылы сынактын комиссиясы коммерциялык жаатта ийгилик жарата алган чыгармаларды тандап алууну туура көрдү", - деп жазылат аталган сайттын маалыматында.
Фестивалдын алкагында өткөн сыйлык тапшыруу аземинде жеңүүчүлөрдүн ысымы аталат. Сыйлык тапшыруу аземи "Нобель" музейинде өтөт.