Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда 60 жаштагы Бурмаш Акматованын өлүмүнө айыпталгандардын иши боюнча өкүм чыга элек. Бул тууралуу бүгүн, 12-октябрда маркумдун уулу Нурлан Султанов билдирди.
"Кылмыш иши боюнча соттук отурум уланып жатат. Буга чейинки соттун жүрүшүндө күбөлөр, алардын катарында тергөөчүлөр да суралды. Дагы суралуучу күбөлөр бар. Бирок соттук отурум белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Кылмыштын болгонуна 8 ай убакыт болду. Азыркы убакка чейин өкүм чыга элек", - деп билдирди Султанов.
Эске салсак, окуя ушул жылдын 22-февраль күнү түшкө чейинки убакытта Бишкектеги Тыныстанов көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде болгон. Мында 60 жаштагы Бурмаш Акматованы белгисиз кишилер өз үйүндө өлтүрүп кетишкен.