Биз социалдык тармакта

Ырчы Гүлжигит Калыков ата статусуна ээ болду

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, ырчы Гүлжигит Калыков уулдуу болду. Кубанычтуу кабарды SUPER.KG порталына ырчы өзү тастыктады.

"Уулубуз бүгүн саат 10:00дө жарык дүйнөгө келди. Буга чейин эч качан мындай сезимдерге туш болуп көргөн эмесмин. Сынактарда дагы мынчалык толкунданчу эмесмин. Сүйүнгөнүмдөн көзүмө жаш алдым. Баламдын, жубайымдын ден соолугу жакшы. Уулубуз 3 килограмм 808 грамм салмакта төрөлдү. Ага ысым тандап койгонбуз, бирок азырынча айтпай турайын", - деди ырчы.

Эскерте кетсек, ырчы 4 жыл сүйлөшкөн сүйүктүүсү Айпери менен 2016-жылдын жай айында баш кошкон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Nargiza1987k
2017-10-12 13:13:53
Омурун берсин акылдуу бала болуп чонойсун
+14
Tekecher
2017-10-12 13:20:00
Куттуктайм!
+6
dilnaz100284
2017-10-12 13:39:13
эмгек синирген дешсе жаман кыжырын келет да. эмнеси мн эмгеги синди?
+9
Bakytbekova777
2017-10-12 14:18:48
Куттуктайбыз акылдуу балдарына болсун
+4
ummisima
2017-10-12 14:23:47
Аллах ден соолук ыйман берсин!!!
+4
Ashka.
2017-10-12 14:44:44
Куттуктайбыз. Өмүрү узун болсун.
+5
Seyitira8186
2017-10-12 15:23:16
Оо кут болсун.эл керегине жараган уулдардан болсун
+2
gulaza
2017-10-12 16:03:02
Жакшы кече эле эгиз экен бир уул бир кыз экен деп уктум эле дайыр исмадияровдун аялы да эгиз деп уктум эле узи алдайбы же адамдар божомолдоп уруп жатышабы
+3
alikgz
2017-10-12 23:38:06
Уулун омуру мн берсин.

эмгек синирген денен наамды албай койсон болмок уялып....
озун ойлосон эмгек синирдинби эмне....
+3
jon.as
2017-10-13 06:10:07
Болсун, болсун...жакшы кабар. Бешик боосу бек болсун. Ыймандуу, акыл эстуу, бактылуу, ден соолугу чын, омуру узун кыргызымдын чыгаан жигиттеринен болсун!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан