Кыргыз жеринде "террордук актыларды ишке ашырууга даярдык көрүп жүргөн" деп шектелген жаран кармалды

Өлкөдө "террордук актыларды ишке ашырууга даярдык көрүп жүргөн" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-октябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, контртеррористтик иш-чаралардын алкагында 1978-жылы туулган Кыргыз жараны К.Х. кармалган.

"Аныкталган маалыматтар боюнча К.Х. 2013-жылы эл аралык террордук түзүмдөргө кошулуу максатында өлкөдөн чыгып кетип, Сириядагы "Сайфуллах аш Шишани" башында турган "Джабхат Фатх аш Шам" террордук тобунун катарына кошулуп, өкмөттүк күчтөргө каршы согуштук аракеттерге катышкан. 2016-жылы террордук уюмдардын башчыларынын тапшырмасы менен Сириядан Борбордук Азия өлкөлөрүнүн аймагына келип, алардын арасында Кыргыз өлкөсүнө да террордук акцияларды даярдап, ишке ашыруу максатында жашыруун ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген", - деп айтылат УКМКнын маалыматында.

Учурда кылмыш ишин козгоо маселеси каралып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
altynbekimanbekov
2017-10-12 15:27:05
Неге бетин атын жашырасынар толук еле корсотуш керек атын толук еле жазсанар болмок эл билиши керек
+3
Jelezo
2017-10-12 15:51:00
УКМК кызматкерлери ушундай террордук топтун адамдарын кармап иш алып барса жакшы болот.Аболот.
Азыр саясатка аралашып кетишти
0
Jelezo
2017-10-12 15:52:35
УКМК ны өз ишин мыкты билген адис башкарса жакшы болмок
0
Jelezo
2017-10-12 15:56:27
Россияда биздин паспортор менен жүргөн чет өлкөлүк жарандар көбөйүүдө паспорт саткандар менен иш алып барбаса уят болобуз.
Админ тиешелүү органдарга билдирип койсоңуздар
+3
admin_superstan
2017-10-12 16:21:00
Саламатсызбы! Сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди, рахмат.
+1
Karban86
2017-10-12 17:03:42
Мени жумушка албайсынарбы? Элим учун бир тыйын албай иштейт элем.
+1
bond
2017-10-12 20:20:12
Karban86,акчан жок болсо алышпайт.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан