Москвада Кыргыз жаранын коркутуп, туугандарынан 250 миң рубль талап кылууга шектелгендер кармалды

Москвада Кыргыз жаранын коркутуп, туугандарынан 250 миң рубль талап кылууга шектелгендер кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-октябрда ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 11-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигине 1995-жылы туулган Э.Д. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ал 10-октябрь күнү белгисиз адамдар күйөөсүн уурдап, 250 миң рубль талап кылып жатышканын айткан.

"Арыз Москва полициясына катталып, 12-октябрга караган түнү кылмышка шектүү катары 1997-жылы туулган Т.Н. жана 1996-жылы туулган Г.К. кармалды. Экөө тең Кыргыз жарандары болушкан", - деп айтылат өкүлчүлүктүн маалыматында.

Ал эми жабырлануучу Э.Днын айтымында, 10-октябрь күнү саат 18:00 чамасында Кыргыз улутундагы 3 бала "кылмыштуу топтун мүчөсүбүз" деп тааныштырып, токойго алып барып сабашкан. Андан соң жакындарына телефон чалып "250 миң рубль бербесеңер өлүгүн аласыңар" дешкен. Мындан улам жакындары анын банктык картасына 50 миң рубль которушкан.

Азыркы тапта тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
Angel92
2017-10-12 18:43:39
Жашабай жатып кылганын сутооздордун!!!Эми тоюнарды гана коросунор го!!
+9
Ali-han
2017-10-12 18:52:45
Эн азы дегенде эле 10 жылга кетишти! Жон эле журо бербейсинби... Ата эненерге эле жаман болот эми. Балдарыбыз Россияда иштеп жатышат деп ойлошот да
+7
grace
2017-10-12 19:18:57
Жөн жүрүшсө экен, жаштарга Кудайым ыйман берсин!
+3
Bek_abad
2017-10-12 19:23:33
Жаш эле балдар оз келечегин оздору талкалаптыр....
+3
ulik.uma04
2017-10-12 20:24:36
Ошол 250 мин руб иштеп тапсан болот элего.кунуно 1200дон иштесен 1жыл 5айда тапсан болмок экен.ак кулактардын мыйзамы кучтуу озун билесин.жазанды алып чык эми.эгер бошотсо эртеге дагы бироону коркутуп ири сумманы коздойсун шмот эткени.сага окшогонду орустар-вымогатель живущих за счет незнакомого человека дейт.бир сом тапсанда адал мн тап кыргыз элим!
+6
kayrat1985
2017-10-12 20:27:18
Жакшы кабар аккулактарды ошентип токойго алып барып сабап коргуло 20жылдан 30жылга кесилет болчусунар бул силерге дагыда болсо аз мусульман бир тууганым
0
asan.toluktuk
2017-10-12 21:09:06
ХХХХ колдоп койгулачы Кыргызстанды мындан дагы онуктуром дейт ар бир уйдун астынан бекер таза суу чыгарып берем дейт Туркмонстандын бензининдей кылып
0
Rifle_I
2017-10-12 21:13:07
asan.toluktuk,ал ким ?
+3
Rifle_I
2017-10-12 21:12:47
Эми чет жерде дагы кыргыздардан коркуп жашаш керекпи ?
Азыр Москвада жүрөм тажрыйбамы жогорулатуу боюнча. Биякта кыргыздар жакшы жерлерде иштешет экен. Коңшуларга караганда таза жана оңой иштерде экен. Кубанычтуу !
+6
butun.kg
2017-10-12 22:17:11
Мадумаров отот буюрса.
+9
Ronni7
2017-10-13 03:07:19
Ай чоолор
0
stepboy
2017-10-13 05:08:39
Мен Карасуудан Оштон болом Жээнбековту эч колдобойм
+5
jon.as
2017-10-13 06:34:51
Жашабагырлардын кылган кылыктарын женил акча табыштын айласын издешип.... Эми коргуло коргулукту сазайынарды кана берсе экен, чыгарып жиберишпей. Ботон жерде жургондо жон эле журбойсунорбу бут кыргыздарды жаман атты кылбай. Мен даагы [moderated]лер болуш керек кыргыздын атын жамынган десе....окунучтусу озубуздукулор экен
+1
al-abu-kinesz
2017-10-13 09:16:57
ким отсо отсун бирок Жеенбеков эмес!!!
+2
abdillaevna-96
2017-10-13 10:24:11
Интернеттеги сурамжылоолордо эн аз упайды Жээнбеков алып жатат, бирок теледен наоборот корсотуп эн коп упай алганын корсотуп жатышат бул кетиште шайлоодо Жээнбеков отту десе тан калбайт. Бул шайлоо таза отушуно ишенбейм
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан