Темир Жумакадыров бараткан унааны сүзгөн оор жүк ташуучу КамАЗ каршы тилкеге чыгып кеткен. Бул тууралуу бүгүн, 12-октябрда Патрулдук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, азыркы тапта тергөө амалдары жүрүп жатат.
Эске салсак, 7-октябрь күнү эртең менен саат 07:30 чамасында Бишкек-Кара-Балта унаа жолунун Чүй облусунун Москва районуна караштуу Садовое айылындагы бөлүгүндө КамАЗ Тойота Прадо унаасын сүзүп, 10-15 метрге чейин сүрүп кеткен. Натыйжада Тойота Прадо унаасынын ичиндеги Темир Жумакадыров, анын жардамчысы жана айдоочусу каза болгон. Жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголгон болчу.