Жакын арада Кыргызстандын жаш шахматчылары Иранга аттанат, алардын ичинде 10 жаштагы Дүйнө чемпиону Дарья Ли дагы бар. Эске салсак, Дарья Ли май айынын башында Грециянын Халкидики шаарында өткөн жаштар арасындагы шахмат боюнча мелдеште Дүйнө чемпиону аталган болчу. Аны менен бирге барган Артур Саломко 5-орунду, Эльдияр Орозбаев 6-орунду ээлеп келишкен. Эми кийинки эл аралык мелдешке катышуу үчүн жаш шахматчылар колдоо көрсөтө турган демөөрчү издеп жаткан учуру.