Таласта Жигули үлгүсүндөгү унаа оодарылып, 2 адам жаракат алды

Талас облусунун Кара-Сай айылында жигули үлгүсүндөгү унаа оодарылып кетти. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кара-Сай айылында жигули үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, жолдон чыгып оодарылып калган. Кырсык болгон жерге куткаруучулар барып унаадагы эки адамды чыгарышкан. Унаадан чыгарылгандарды "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен.

Окуя 13-октябрь күнү таңкы саат 05:55 чамасында болгон деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан