Дарыгер: "Экологиянын бузулушу баш мээдеги жана өпкөнүн шишигинин пайда болушуна жол ачууда"

Өлкө аймагында экологиянын бузулушунан улам баш мээнин жана өпкөнүн залалдуу шишиги менен ооругандар көп болууда. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда SUPER.KG порталына Улуттук госпиталдын Нейрохирургия бөлүмүнүн башчысы Буранбек Дүйшөев билдирди.

"Бүгүнкү күндө экологиянын бузулушу баш мээдеги жана өпкөнүн шишиги адамдарды тынчсыздандырып келет. Акыркы учурларда шишиктен жабыркагандар көбөйүп жатат. Бирок ошол эле учурда дартты аныктоо шарты жеңилдеди. Анткени диагностикалык аппараттар жетиштүү. Бул дартка радиациянын, экологиянын таасири чоң. Ошол эле учурда компьютерден, уюлдук телефондон чыккан нурлануунун тескери таасири кандайдыр бир өлчөмдө бар. Оору дайыма депрессияда жүргөн адамда пайда болот. Бизде азыр 60тай шишиктин түрү бар", - деп билдирди Дүйшөев.

Дүйшөевдин маалыматына ылайык, шишик дененин ар кайсы органдарында пайда болот. Көбүнчө өпкөдө, ашказанда, баш мээде болот. Шишик кайсы жерде жайгашса ошол жерде оору пайда болот. Негизинен бул дарт ар кандай жаштагы адамдарда болушу ыктымал. Негизги басымдуулук 40 жаштан 60 жаш курактагыларга туура келет.

"Көздүн айланасында пайда болгон шишик адамдын көрүүсүн начарлатат. Кара куш мээде болсо баш айлануу пайда болот. Буга чейинки жылдарда бейтап төшөккө жатып калмайынча дарыгерге көрүнчү эмес эле. Азыр адамдардын ооруга болгон аң-сезими жогорулады. Бир аз эле ооруп баштаса дарыгерге келип текшериле баштайт. Бул, демек, ооруну алдын алуу. Негизи шишик жаңы төрөлгөн ымыркайда да болушу мүмкүн. Мунун баары ата-энесинин ден соолукка зыян келтирүүчү заттарды колдонгонунан улам болот. Өзгөчө кыз-келиндердин тамеки чегүүсү, спирттик ичимдик ичүүсү дарттын пайда болушун шарттайт. Аялдардын аз кандуулук менен жабыркашы да тескери таасирин тийгизет. Шишик 3 сантиметрден 20 сантиметрге чейин өсүшү мүмкүн", - деп кошумчалады дарыгер Дүйшөев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан