Кыргыз өлкөсүндө туулган мушкер Дмитрий Бивол профессионалдуу бокс боюнча 79 килограммга чейинки салмак ченинде Дүйнө чемпиону аталды. Бул тууралуу Дүйнөлүк бокс ассоциациясы (WBA) кабарлайт.
Маалыматка ылайык, Дмитрий буга чейин убактылуу чемпиондукту алып жүрүүчү жана чемпиондукка эң биринчи талапкер болгон.
Ассоциациянын президенти Жилберто Мендоса кабарлагандай, 26 жаштагы мушкердин чемпион болушуна Андре Уордун спорттон кетиши жана Баду Жеканын титулдан баш тартуусу себеп болгон.
4-ноябрда Бивол Монакодо Трента Броадхерст менен беттеш өткөрөт. Бул титулду коргоо үчүн алгачкы беттеш болот. Беттештин жеңүүчүсү 120 күндүн ичинде рейтингде эң алдынкы орунда турган мушкер менен беттеш өткөрүшү зарыл.
Айта кетсек, мушкер 1990-жылы 18-декабрда Токмок шаарында төрөлгөн. 6 жашынан баштап бокс менен машыга баштаган. Кыргыз жеринде төрөлүп өскөн мушкер 15 жашында Орусияга көчүп кетип ошол жактын жарандыгын алган.