Бүгүн, 13-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Райкан Төлөгөновдун иши каралууда.
Отурумдун жүрүшүндө 31 томдон турган кылмыш ишин кароо башталды. Мында Төлөгөновдун тергөөдө берген көрсөтмөсү, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү жана соттук отурумдун жүрүшүндө айтылган көрсөтмөлөр талкууга алынат.
Эске салсак, Башкы прокуратура "Каракчылык", "Автоунааны же башка автомототранспорт каражатын укукка жат түрдө ээлеп алуу", "Кымбат баалуу металлдарды, табигый асыл таштарды мыйзамсыз жүгүртүү", "Ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды уурдоо же опузалап талап кылуу" беренелеринин негизинде кылмыш ишин 2012-жылы 22-августта козгогон. Тергөөнү ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгы жүргүзгөн. 2017-жылдын 14-мартында бул кылмыш ишинин материалдары ИИМден УКМКга өткөрүлгөн.