Вьетнамдагы суу ташкынынан каза болгондордун саны 50дөн ашты. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда "АР" агенттиги жергиликтүү бийликке шилтеме берүү менен жазып чыкты.
Маалыматка караганда, дагы 40 адамдын дайыны билинбей жатат. Азыркы тапта издөө-куткаруу иштери жүрүп жатат.
"Суу ташкынынан улам көбүнчө өлкөнүн түндүгүндөгү Хоабинь провинциясы катуу жабыркаган. Алдын ала маалымат боюнча 200дөн ашык турак үй кыйраса, 30 миңден ашык үй суу алдында калган. Тханьхоа, Нгеан жана Хатинь провинцияларынын жашоочулары үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан", - деп айтылат маалыматта.
Айта кетсек, Вьетнамдын түндүгүн жана борбордук бөлүгүн каптаган катуу шамал 10-октябрда башталган. Андан соң нөшөрлөгөн жамгыр жаап, анын кесепети суу ташкынына алып келген.