Бүгүн, 13-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Райкан Төлөгөновдун иши каралды. Отурумдун жүрүшүндө 31 томдон турган кылмыш ишин иликтөө башталды.
Аталган кылмыш ишинин 9-томуна жеткенде Райкан Төлөгөнов өзүн жаман сезгендиктен отурум 18-октябрда улантыла турган болду.
Эске салсак, Башкы прокуратура "Каракчылык", "Автоунааны же башка автомототранспорт каражатын укукка жат түрдө ээлеп алуу", "Кымбат баалуу металлдарды, табигый асыл таштарды мыйзамсыз жүгүртүү", "Ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды уурдоо же опузалап талап кылуу" беренелеринин негизинде кылмыш ишин 2012-жылы 22-августта козгогон. Тергөөнү ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгы жүргүзгөн. 2017-жылдын 14-мартында бул кылмыш ишинин материалдары ИИМден УКМКга өткөрүлгөн.
Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Төлөгөнов тергөө бүткүчө УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.