Жайыл районунда эки трансформатордун майы уурдалып, 150гө чукул үй жарыксыз калды. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда “Түндүк электр” ААКсынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жайыл районуна караштуу Новониколаевка айылынын Луговая көчөсүндөгү эки трансформатордун майын белгисиз адамдар уурдап кеткен. Жалпы 490 литр май уурдалган.
"Трансформатордун майынын уурдалышы боюнча Жайыл РИИБине билдирүү берилген. Учурда адистер абоненттердин электр камсыздоосун калыбына келтирүү чаралары көрүлүүдө. Мындай фактылар быйылкы жылдын сентябрь айында да катталган. Анда Москва районунда 250 литр, 2016-жылы Кемин районунда 930 литр трансформатордун майы уурдалган", - деп билдирди басма сөз кызматы.