Ош облусунда айдоочу унаасы менен жөө адамды сүзүп кетти

Ош облусунда айдоочу унаасы менен жөө адамды сүзүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда Ош ОИИБнин патрулдук милиция бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык 12-октябрь түнү Бишкек-Ош унаа жолунда болгон. Анда Оштон Өзгөн шаарына бараткан 1994-жылы туулган М.К. аттуу айдоочу Субару Легаси үлгүсүндөгү унаасы менен жолдон өтүп бараткан 1978-жылы туулган М.А. аттуу аялды сүзүп алган. Анын кесепетинен жабырлануучу Куршаб айылындагы ооруканага жетпей каза болгон.

Азыркы тапта соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Azatbek83
2017-10-13 19:45:00
Айдайт десе айдай беришет экенда опкосун колтукташып бираз дистанцияны сакташ керек праваны сатып алганго кылган ишини мойнун менен тарт башкаларга сабак болсун.Байкуш Алланын пендеси бироонун кызы эже синдиси жубайы апасы бейкуноо кете берди жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун Жаратканым бейиштен орун берсин жакындары Кайрат кылышсын.
+2
Adeli_Jasi
2017-10-13 21:51:30
Эки жыл мурун бул эжекенин баласын да мектептин жанынан машина уруп кетип,каза болгон болчу.Эми мынтип озун да шум ажал алып кетти.Кечээ эле жадырап жайнап жургон эжеке,бугун жок.Жаткан жериниз жайлуу болсун,топурагыныз торко болсун!Кудайым билип билбей кылган куноолорунузду озу кечирсин!Калган омурунузду кызынызга берсин!
+2
znanylay
2017-10-14 10:42:31
Жаман окуя болуп кетиптир.Бейиши болсун!Жакындарына сабыр берсин кудайым.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан