18 жашка чыкканга чейин 250 жолу сөөгү сынган казакстандык Аскар Жангазин аттуу жаран төшөктөн тура албагандыгына карабастан өз алдынча каражат табууну өздөштүрдү. Аскардын тагдыры тууралуу Казакстандын маалымат булактары жазды.
Маалыматка ылайык, Аскар үй-бүлөсү менен Усть-Каменогорск шаарында насыяга алынган батирде жашайт. Майда сыныктарды кошкондо Аскардын сөөктөрү 300 жеринен сынып, бир канча оор операцияларды башынан өткөргөн. Дүйнөдөгү көптөгөн ооруканаларда жатып өмүрүнүн көп бөлүгүн өткөргөн Аскар моралдык жактан сынып, чөгүп кетпешине ата-энесинин колдоосу себеп болгонун айтат.
"Менин оорум менен жашоо абдан оор. Сөөктүн жетилбегендиги деген дарт (сөөктүн морттугу) - ар бир кыймыл сайын тобокелге барасың, анткени кыймылдаган сайын сөөктөр сынып кетиши мүмкүн. Мисалы, мен клавиатураны басып жатып сөөмөйүмдү сындырып алгам. Эки жыл мурун тамак жеп жатып 2 жолу жаак сөөгүм сынган. Эми мен буламык эле жеп калдым. Кабырга, бут, кол, акырек, айтор омурткамдан башка сөөктөрдүн баары сынган. Отура албайм, жакындарымдын жардамысыз кыймылдай албайм", - дейт ал.
Анын сөөгү айнек сыяктуу өтө морт болгондуктан өз алдынча компьютерде гана иштей алат. Үй-бүлөсүнө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жаранга кам көргөндүгү үчүн жөлөк пул төлөнбөй калгандан кийин ата-энесине жардам көрсөтүүнүн жолдорун ойлонуштура баштаган. Анын негизинде бир тууган агасы экөө сайттарды түзүүнү үйрөнүшкөн.
"Майыптыгым үчүн 68 миң теңге берилгени менен, айына дарыланууга 70 миң теңге коротулат. Организмде кальцийди кармап туруу үчүн күн сайын дары каражаттарын ичем. Агам веб-дизайн түзүүнү үйрөттү. Эми мен интернет сайттарды түзүп, код жазганды үйрөндүм. Ата-энеме жүгүмдү артпай өз алдымча каражат табууга бел байлайм", - деген Аскар ага өзү баштаган жумуш абдан жага тургандыгын, жумушка алаксыганда көкүрөгүн ээлеген көйгөйдү унутарын кошумчалаган.
"Ал өзүнүн жашоосунун маанисин издей берет. Эмне үчүн мындай азаптуу оору берилген деп кейип калат. Ал ар дайым өзүн өнүктүргүсү келип көп окуйт. Чынында кичинекей чагынан тартып өзгөчө эс тутумга ээ. 4 жашынан баштап окуганды, жазганды үйрөнгөн. 2 жолу гимнди угуп дароо жаттап алган. Сүрөттү да мыкты тартчу. Анын сөөктөрүнүн ар бир сыныгы менин жүрөгүмдө так болуп калат", - деп айткан апасы Гүлжамал.