"Өз мамлекетинин сыйкырчысы", "Немо" деген аттарга ээ болгон белгилүү футболист Месут Озил бүгүн, 15-октябрда 29 жашка толду. "Арсенал" футболдук клубунун тарыхындагы эң кымбат оюнчу тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайбыз.
- Оюнчунун эң алгачкы ойногон клубу "Вестфалия 04". Месут бул клубда 1995-жылдан баштап 1998-жылга чейин ойногон.
- Хип-хопту жактырат. "Мен хип-хопту сүйөм, айрыкча Редманды" дейт оюнчу.
- Сүйүп жегени түрк ашканасындагы "Менемен" тамагы.
- "Месут" ысымы түркчө которгондо "бакыт" дегенди түшүндүрөт.
- Месуттун агасы да футболчу, ал "Хесслер 06" командасында ойнойт.
- Түрк футболунда "Фернербахче" клубунун күйөрманы.
- Улуту түрк. Германия курама командасынын мүчөсү.
-Эң көп натыйжалуу пастарды берген оюнчу.
Өзүнүн оор басырыктуу, токтоо мүнөзү менен айырмаланган, азыркы тапта "Арсеналдын" жарым коргоочусу 1988-жылы 15-октябрда Гельзенкирхенде жарык дүйнөгө келген. Теги түрк, бирок Германияда төрөлүп, чоңойгон Озил футбол менен 6 жашынан баштап машыга баштаган. "Шальке 04" академиясынын бүтүрүүчүсү эң алгач 2008-жылы бремендик "Вердер" менен келишим түзүп, дароо эле негизги курамга кирет. 2010-жылдын август айында испаниялык "Реал Мадрид" клубуна келет. Эң алгачкы оюндарынан тарта эле машыктыруучунун жана көрөрмандардын ишеничин актай баштаган. 2012-жылы Германиядагы эң мыкты оюнчу аталган. 2013-жылдын сентябрь айында "Арсенал" футболдук клубу менен 5 жылдык келишим түзүп, анын баасы 42 миллион фунтту түзгөн.
15-октябрга карата жылнаама.