Болгариянын Пловдив шаарында 10-15-октябрь аралыгында өтө турган күрөш боюнча ардагерлер арасындагы Дүйнө чемпиондугунда Кыргыз балбандар 2 күмүш жана 1 коло медалга ээ болушту.
Чынарбек Изабеков эркин күрөш боюнча "С" категориясындагы 100 килограммга чейинки салмак ченинде катышып, финалга чейин өттү. Ал алгачкы беттешинде Түштүк Африка Республикасынын балбанын жеңсе, жарым финалда болгариялык Николай Кашиновду 12:2 эсебинде жеңип алган. Бул жеңиш менен Кыргыз балбан финалга өтүп, анда ирандык Хамид Зареи менен беттешкен. Беттештин жүрүшүндө Чынарбек Изабеков 4:1 эсебинде жеңип жаткан, бирок ирандык балбан 6 упай алып, эсепти 4:7 кылган. Бул жыйынтык менен Чынарбек Изабеков жеңилүү ызасын тартып, алтын медалдан кол жууду.
Эскерте кетсек, Чынарбек Изабеков күрөш боюнча ардагерлер арасындагы Дүйнө чемпиондугунун 2 жолку жеңүүчүсү, ал 2015 жана 2016-жылдары алтын медалдарды жеңип Дүйнө чемпиону наамына татыган.
Ошондой эле Нурдин Донбаев эркин күрөш боюнча "В" категориясындагы 62 килограммга чейинки салмак ченинде катышып алтын медаль үчүн күрөшкөнгө мүмкүнчүлүк алган. Ал жарым чейрек финалда түркиялык балбанды жеңип, жарым финалда франциялык Давид Бигеаудду жеңип алган. Финалда Нурдин Донбаев румыниялык Петру Тоарчага 8:6 эсебинде жеңилип калган. Бул жыйынтык менен Кыргыз балбаны күмүш медалын тагынды.
Ардагер спортчулардын катарында Апты Инаркиев 78 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшүп, алгачкы беттеште индиялык Кумар Кришандын үстүнөн жеңишке жеткен. Жарым финалда түркиялык балбанга жеңилип коло медаль үчүн күрөшкөнгө мүмкүнчүлүк алган. Коло медаль үчүн беттеште АКШлык Мартин Орр менен күрөшүп жеңишке жеткен.
Талант Бегалиев жана Эркинбек Үмөталиев коло медаль үчүн күрөштө атаандаштарына жеңилип медалдардан кол жууган.