Дастан Лепшаков бильярд боюнча эл аралык мелдеште жеңүүчү аталды

Кыргыз бильярдчы Дастан Лепшаков Орусиянын Ростов-на-Дону шаарында 9-14-октябрь аралыгында өткөн бильярд боюнча эл аралык мелдеште жеңүүчү аталды. Бул тууралуу "Дуплет" маалымат сайты билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган мелдеште 9 өлкөдөн 206 спортчу катышып байгелүү орундар үчүн күч сынашкан. Кыргыз өлкөсүнөн жалпы 10 спортчу катышкан, алардын ичинен Дастан Лепшаков байгелүү орунга ээ болгон. Ал жалпы 7 беттешке катышып, 123 упай топтоп 1-орунду ээлеген. Финалдык баскычта Кыргыз спортчу өзбекстандык Александр Сидоров менен беттешип 6:2 эсебинде жеңип алган.

Дастан Лепшаков катышкан беттештердин жыйынтыктары:

2-тур:

Дастан Лепшаков - Павел Бобров (Орусия) 5:2

1/32 финал:

Дастан Лепшаков - Никита Ливада (Орусия) 5:2

1/16 финал:

Дастан Лепшаков - Павел Меховов (Орусия) 5:3

1/8 финал:

Дастан Лепшаков - Евгений Салтовский (Беларусь) 5:1

1/4 финал:

Дастан Лепшаков - Алексей Шошин (Орусия) 5:4

Жарым финал:

Дастан Лепшаков - Нодирбек Мирзаев (Өзбекстан) 5:2

Финал:

Дастан Лепшаков - Александр Сидоров (Өзбекстан) 6:2.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ema_nookat
2017-10-15 10:11:59
Азаматсын! Кыргызстандын атын чыгарып журо бер, ийгилик мындан ары да коптогон жеништерге ээ бол. Фотого карап олтурсам, назарым ак шарга тушту, ошондо ак шарды урганына карганда булардын оюуну 8 шар бейм?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан