Бүгүн, 15-октябрда Ирандын Тебриз шаарында футзал боюнча Азия чемпиондугунун тандап алуу этабы старт алат. Анда Кыргыз өлкөсүнүн курама командасы алгачкы беттешин Түркмөнстан курамасы менен өткөрмөкчү.
Белгилей кетсек, аталган мелдеште Кыргыз өлкөсүнүн курама командасы “А” тайпасына кирип Өзбекстан, Түркмөнстан, Непал курамалары менен күч сынашат. Ошондой эле "В" тайпасында Иран, Тажикстан, Ооганстан курамалары жайгашкан. Тандап алуу этабынын жыйынтыгында ар бир тайпадан бирден команда финалдык этапка өтөт.
"А" тайпасындагы беттештер (Бишкек убактысы боюнча):
Өзбекстан-Непал - 16:30;
Кыргыз өлкөсү-Түркмөнстан - 19:00.