6-16-июнь күндөрү Ысык-Көл облусундагы Чолпон-Ата жана Балыкчы шаарларында “Ачык Ысык-Көл-2013” аталыштагы фестиваль өтөт. Анын алкагында кайыктар менен жарышуу, шахмат жана стол тенниси боюнча мелдеш, парашюттан секирүү, ат оюндары, байкерлердин шоу-программасы жана башка иш-чаралар орун алат. Фестиваль эл арасындагы ынтымак менен тынчтыкты бекемдөө максатында Куралдуу күчтөр менен укук коргоо органдарынын кызматкерлери, эмгектин жана согуштун ардагерлери тарабынан уюштурулууда. (Иш-чара тууралуу кошумча маалыматты сүрөттөн көрсөңүз болот).