Ошто самсакананы шайлоо тилкеси кылып койгонун камерага тарткан журналист коркутууга туш болгонун айтты

Бүгүн, 15-октябрда Ош шаарында президенттик шайлоонун жүрүшүн чагылдырууга барган журналист Азамат Абсатаров коркутууга туш болду. Ал шайлоо тилкесинде өз ишин аткарып жаткан учурга туш келген окуяны SUPER.KG`ге айтып берди.

"Мен шаардагы бардык шайлоо тилкелерин кыдырып түз алып берүү жүргүзүп жаткам. Бир жерде "Памир" деген самса саткан кафеде шайлоо болуп жатыптыр. Мага кызык болду. Анан жанымда дагы бир кабарчы камерага, мен болсо телефонго тартып баштадык. Түшкөндө эле жанымдагы жолдошумдун камерасын тартып алды. Эмне кыласыңар аны деп барсам мени моюнуман муунтуп, мага олуттуу зыян келтире турганын айтып коркута башташты. Ошол учурда бизди участоктун ары жагында жайгашкан бир дарбазасы бар үйгө тартып кетти. Ал жакта спорттук дене түзүлүштөгү балдар бар экен. Алар бизден камерабыздагы флешкабызды тартып алып коюшту. "Шайлоо өткөндөн кийин деле биз силер менен сүйлөшөбүз, тааныйбыз" деген сөздөрүн айтышты. Эң өкүнүчтүүсү милиция кызматкерлери ошол жерден карап туруп, жок дегенде "койгула" деп ажыратып койгонго жарашкан жок. Тескерисинче бизди кетип калгыла деп түрткүлөштү", - деди Абсатаров.

Ал техникалык жабдыктарын, шайлоо участкасына келген тааныш адамдары аркылуу кайра алганын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Azatbek83
2017-10-15 13:11:41
Сокеникиби?
+5
DUNI
2017-10-15 13:19:28
2010жылы Бакиев Ошко келгенде ак кепкачандар кууган. ошондогу спорттук дене тузулуштогу балдар азырга чейин катып журушот. Бакиевди карапайым калк колдоп келген ошол маалда. Бирок ал балдарга алы жетпейт эле барибир
-2
mir777
2017-10-15 13:24:42
DUNI,тушунсом буйрубасын
+5
karakulja
2017-10-15 13:23:15
Ал жерде самса сатылбайт. Журналисттер кичине болсо да окшоштурсанар шакылдай бербей
-5
Nargiza1987k
2017-10-15 14:58:32
karakulja, самсы сатыобаса да кафе турбайбы ошол сага далил эмеспи
-2
kirgizstan
2017-10-15 13:36:19
Эсен аман эле шайлоо өтүп алса экен тополон болбой
+1
Tuke8686
2017-10-15 14:08:21
Мадумаров болсо соке жаман эле болотго
+4
admin_superstan
2017-10-15 16:33:51
kyla490, этика нормаларын сактаңыз. 2 күнгө БАН!
0
admin_superstan
2017-10-15 18:00:04
Aydarov.0607, порталдын ишмердүүлүгүнө тиешелүү сын-пикирлер атайын portal@super.kg дареги аркылуу жиберилиши керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан