Бүгүн, 15-октябрда өлкө аймагында президенттик шайлоо өтүп жатат. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы саат 11:00гө карата өлкөдө абал туруктуу экенин билдирди.
"Азыркы тапта өлкөдө абал туруктуу. Коомдук тартипти бузуу жана добуш сатып алуу фактылары каттала элек. Коомдук тартипке 10 миңден ашык милиция кызматкери жана элдик кошуундар көзөмөл кылышууда", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Айта кетсек, республикада жалпы 2375 шайлоо тилкеси бар. Ал эми өлкө сыртында бүгүн 37 шайлоо тилкеси иштейт. Добуш берүү саат 20:00дө аяктайт. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, шайлоонун алдын ала жыйынтыгы добуш берүү аяктаган соӊ 2,5 сааттын ичинде белгилүү болуп калат.