Орусиянын Новгород облусунда өткөн дзюдо боюнча мелдеште жеңилүү ызасын тарткан жаш спортчунун апасы аны уруп, андан соң калыска дагы асылган. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар маалымдайт.
Маалыматка ылайык, жаш спортчулар арасындагы беттеш бүткөн соң жеңилип калган дзюдочунун апасы келип, аны бир нече жолу бетке урган. Бул көрүнүштү токтотууга аракет кылган калыска дагы спортчунун апасы асылган. Калыс аялды түртүп салган.
Жергиликтүү басылмалардын бири кабарлагандай, аял баласынын адепсиз жүрүш-турушун көрүп капа болгон. "Жаш бала беттештин жүрүшүндө жеңип келе жаткан, бирок акыркы секунддарда атаандашы аны көтөрүп чапкан соң жеңилип калган. Мындан улам жеңилүү ызасын тарткан спортчу чыдабай кетип баратып калыска колунун ортоңку манжасын көрсөткөн", - деп жазылат басылмада.