Сомалинин борбору Могадишо шаарында кечээ, 14-октябрда эки террордук акт жасалып, каза болгондордун саны 80ден ашты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, жардыргыч затка толгон жүк ташуучу унаа борбор шаардагы Ходан районундагы мейманкананын имаратынын жанынан жарылган. Эки сааттан кийин Мадина районунда экинчи жардыргыч зат иштеген.
"Бул акыркы жылдардагы жардыруулардын эң күчтүүсү болуп эсептелет. Азырынча террордук актыга эч бир уюм жоопкерчилик ала элек", - деп жазылат маалыматта.