Бишкекте Раатбек Санатбаевдин жаркын элесине арналган грек-рим күрөшү боюнча эл аралык мелдеш өтөт

Борбор шаардагы Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпиону Раатбек Санатбаевдин жаркын элесине арналган эл аралык мелдеш өтөт. Анда 1995-жылы туулган 55 килограммдан 120 килограмм салмакка чейинки грек-рим күрөшчүлөрү беттешет. Өз салмагы боюнча ар бир жеңүүчүгө медаль, диплом жана башка сыйлыктар ыйгарылмакчы. Айта кетсек, иш-чара Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттиги менен КРнын Күрөш федерациясы тарабынан уюштурулууда.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан