Кытайдын Шанхай шаарында 8-15-октябрь аралыгында өткөн профессионалдуу теннисчилердин ассоциациясынын "Мастерс" мелдешинде Роджер Федерер жеңишке жетип, карьерасындагы 94-титулун жеңип алды.
"Мастерс" мелдешинин финалында швейцариялык Роджер Федерер испан теннисчиси Рафаэль Надалга туш келген. Беттештин жүрүшүндө Федерер сеттер боюнча 6:4 жана 6:3 эсебинде атаандашын жеңип, сезондогу 6-титулуна ээ болду.
Эске салсак, Роджер Федерер июль айында эркектер арасындагы теннис боюнча "Чоң шлемдин" түркүмүнө кирген "Уимблдон" аттуу мелдешти 8-ирет багындырган.