Футзал боюнча Азия чемпиондугунун тандап алуу этабында Кыргыз курамасы алгачкы жеңишине жетти

Ирандын Тебриз шаарында өтүп жаткан футзал боюнча Азия чемпиондугунун тандап алуу этабында Кыргыз өлкөсүнүн курама командасы алгачкы беттешинде жеңишке жетти.

Аталган мелдештин 1-турунда Кыргыз курама командасы Түркмөнстан курамасы менен беттешип 5:3 эсебинде жеңип алды.

Беттешин 3-мүнөтүндө Кыргыз курамасынын чабуулчусу Максат Алимов ката кетирип өз дарбазасына гол киргизип эсеп саны ачылды. Мындан улам Түркмөнстандын футзалчылары чабуулга чыгып 11-мүнөттө Максат Солтановдун голу менен эсепти 0:2 кылды.
2-таймда Мирлан Жолдубаев эсепти 1:2 кылса Уланбек Байгазы уулу гол киргизип эсепти теңеген. Түркмөнстан курамасы 25-мүнөттө Аннагулиевдин голу менен эсепти 2:3 кылды. Максат Алимов 29-мүнөттө мыкты сокку менен кайрадан эсепти тең кылса, 36-мүнөттө Адилет Иманбеков таамай сокку менен эсепти көбөйткөн.

40-мүнөттө Мирлан Жолдубаев беттештеги 2-голун киргизип, 5:3 эсеби менен беттеш жыйынтыкталды.

Эртең, 16-октябрда Кыргыз курама командасы Непал курамасы менен беттеш өткөрмөкчү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Ali-han
2017-10-15 21:56:07
Азаматтар! Сооронбай аканар утту шайлоодон урматтуу футболисттер.
+1
Juva
2017-10-15 23:19:26
Азаматтсынар балдар ийгилик
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан