Баткен облустук ички иштер башкармалыгы Өмүрбек Бабановдун Кадамжай районундагы координатору боюнча маалымат берди. Билдирүүдө координаторду Кадамжай РИИБинде эки күн кармалган деген маалымат чындыкка дал келбей турганы айтылат.
"Өмүрбек Бабановдун Кадамжай району боюнча штабынын координаторунун үстүнөн арыз түшкөндүктөн жергиликтүү РИИБине чакырылып, түшүнүк кагаздары алынган. Андан тышкары үгүтчүлөрүнүн биринин автоунаасы тийиштүү документтери жок болгондугу үчүн кармалган. Ошол себептен ал эртеси Кадамжай РИИБине өзү келген. Жогорудагы аталган штабдын кызматкери Кадамжай РИИБинде эки күн кармалган деген маалымат чындыкка дал келбейт", - деп айтылат маалыматта.
Айта кетсек, Бабанов 15-октябрь күнү берген маалымат жыйынында өзүнүн Кадамжай району боюнча штабынын координатору эки күндүн бери Кадамжай РИИБинде экендигин жана кызматкерлер эч бир себепсиз сурак кылып жатышканын айткан.