Токмок шаарындагы үйлөрдүн биринен аялдын жансыз денеси табылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан 16-октябрда кабарлашкандай, 15-октябрь күнү саат 12:10до министрликтин №21-аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары аталган шаардын Интернационал көчөсүндөгү №32-үйдүн жабылып калган эшигин ачып беришкен. Батирдин ичин кароодо 1958-жылы туулган С.С.К. аттуу аялдын жансыз денеси табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.